Универсиада: тогуз коргоол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды
Кыргызстандын Универсиадасынын алкагында 16-мартта улуттук интеллектуалдык оюн тогуз коргоол боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Турнир жогорку лигада эркектер жана кыздар арасында өткөрүлүдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгы боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин командасы биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери ээлесе, ал эми үчүнчү орунга Ош мамлекеттик университетинин студенттери татыды.
Эркектер арасындагы таймашта И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы туруктуу жана ишенимдүү оюн көрсөтүп, биринчи орунду жеңип алды.
Экинчи орун Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттерине буюрду.
Үчүнчү орунду К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин командасы ээледи.
Кыргызстандын Универсиадасы студент жаштарды бириктирген ири спорттук аянтча катары спортту өнүктүрүүгө, атаандаштыкты калыптандырууга жана өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзүп келет.
