Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
25 май
Вьетнамдагы Азия чемпионаты: Кыргызстандын капчыгында 6 медаль бар
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатында бүгүнкү күнгө чейинки жыйынтыктар боюнча Кыргызстан курама командасынын балбандары 6 медаль жеңишти. Анын ичинен үчөө 3 алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль.
Алтын медалдын ээлери:
- Ырыскелди Хамзаев (U-23) 72кг чейин
- Эрлан Марс уулу (U-23) 82кг чейин
- Нурболот Токтогонов (U-23) 130кг чейин
Күмүш медаль ээси:
- Жеңиш Жумабеков (U-23) 97кг чейин
Коло медаль ээлери:
- Нуристан Суеркулов (U-23) 60кг чейин,
- Баяман Каримов (U-23) 67кг чейин
Мелдештер 31-майга чейин уланат.
