Баткен облусунда футболду өнүктүрүү жолдору талкууланды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
28 март

Баткен облусунда футболду өнүктүрүү жолдору талкууланды

Баткен облусунда футболду өнүктүрүү маселелери талкууланды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, жыйын облус башчысы Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги астында өтүп, ага облустук жетекчилер, шаар мэрлери, спорт тармагындагы адистер, футбол клубдарынын өкүлдөрү, машыктыруучулар жана аймактык футбол ассоциациясынын мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Баткен облустук футбол ассоциациясынын төрагасы Айбек Ражапов баяндама жасап, облус аймагындагы футболдун өнүгүү деңгээли, жетишкендиктери жана чечүүнү талап кылган маселелер боюнча маалымат берди.

Мындан сырткары, Кыргызстандын Биринчи лигасында облус намысын коргоо үчүн эки команда — Баткен шаарындагы «Нур-Баткен» жана Кызыл-Кыя шаарындагы «Семетей» клубдары даярдык көрүп жатканы маалымдалды.

Аны менен катар футбол инфраструктурасын жакшыртуу, жаштар арасындагы футболду өнүктүрүү жана машыктыруучулардын ишмердүүлүгүн колдоо сыяктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү сунуштар айтылды. Мындан улам ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов жаш спортчуларды колдоо максатында каржылоо болоорун айтты.