Бишкекте дзюдо боюнча турнир өттү – жыйынтыгы
Бишкекте «Дзюдо» спорт комплексинин базасында жаш спортчулар арасында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган шаардык дзюдо турнири болуп өттү.
Мэриядан кабарлашкандай, мелдешке 2011-2012 жана 2013-2014-жылдары туулган жаш өспүрүм балдар жана кыздар катышты.
Турнир Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын Бишкек шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн биргелешип уюштуруусунда өттү.
Жарыштын жыйынтыгы:
Кыздар арасында (48 кг):
- 1-орун – Грицкова А.
- 2-орун – Сатимбаева А.
- 3-орун – Каныбекова Д.
- 3-орун – Иманкулова А.
Уулдар арасында (42 кг):
- 1-орун – Насирбеков У.
- 2-орун – Адаминов Р.
- 3-орун – Жорготаев А.
- 3-орун – Кадырбаев М.
Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана грамоталар менен сыйланышты.
