Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги ат спорт комплексин түзүү каралууда
13 август

Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги ат спорт комплексин түзүү каралууда

Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ички Монголиянын Талаа маданиятын коргоо жана өнүктүрүү фондунун, ошондой эле Гонконг Жокей-клубунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Фонддун жана Гонконг Жокей-клубунун өкүлдөрү Кыргызстанда Эл аралык ат спорт комплексин түзүү боюнча демилгесин тааныштырышты. Долбоордо эл аралык деңгээлдеги ипподром, машыгуу базалары жана атканалар, ветеринардык жана селекциялык-генетикалык борборлор, мейманкана, кыргыз жылкы чарбасынын тарых музейи жана тиешелүү инфраструктураны түзүү каралган.

Алдын ала комплексти болжол менен 70 гектар жерге жайгаштыруу каралууда. Долбоор 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуналарды, 3 миңге чейин жылкыны кармоо мүмкүнчүлүгүн жана 500дөн ашык орундуу мейманкана фондун камтыйт.

«Жылкы чарбасы жана ат маданияты кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасында өзгөчө орунду ээлейт. Ошол эле учурда сунушталган демилгени экономикалык жактан негиздүүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кылдат иштеп чыгуу зарыл», — Равшанбек Сабиров

Комплекс келечекте эл аралык мелдештерди, асыл тукум жылкылардын көргөзмөлөрүн жана аукциондорун өткөрүүгө, ошондой эле ат спортун, асыл тукум жылкы чарбасын жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары иштеп чыгууну, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо, жер тилкесин аныктоо жана инвестициялык моделин иштеп чыгуу боюнча иштерди улантууга макулдашышты.