«Илбирс» клубу АФКнын  Чемпиондор Лигасында Кыргызстандын намысын коргойт
13 август

«Илбирс» клубу АФКнын Чемпиондор Лигасында Кыргызстандын намысын коргойт

Айымдар арасында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы чемпиондугунун жеңүүчүсү — «Илбирс» клубу 2026/27-жылкы АФКнын Айымдар арасындагы Чемпиондор Лигасынын баштапкы баскычында Кыргызстандын намысын коргойт.

«Илбирс» мелдештин «В» тайпасында Филиппиндин «Кая ФК-Илоило», Гонконгдун «ТСЛ» жана Камбоджанын «Пномпень Краун» клубдары менен күч сынашат.

Беттештер 17–23-август күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Оюндардын жадыбалы:

17-август — «Iloilo» ФК – «Илбирс» ФК

20-август — «Илбирс» ФК – «TSL» ФК

23-август — «Phnom Penh Crown» ФК – «Илбирс» ФК

Беттештердин башталыш убактысы — 20:00.

Белгилей кетсек, мелдешке жалпысынан 30 команда катышат. Алардын ичинен 6 команда мелдештеги жүрүшүн тайпалык баскычтан баштаса, 24 команда баштапкы баскычта күч сынашат. Баштапкы баскычта командалар 6 тайпага бөлүнүп, оюндар борборлоштурулган форматта өткөрүлөт. Ар бир тайпанын жеңүүчүсү кийинки баскычка жолдомо алат.