Ысык-Көлдө сууда өтүүчү «Формула -1» спорттук иш-чарасына 10 миңден ашуун конок келери күтүлүүдө
www
16 июнь

Ысык-Көлдө сууда өтүүчү «Формула -1» спорттук иш-чарасына 10 миңден ашуун конок келери күтүлүүдө

Суудагы «Формула-1» боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлгө миңдеген чет элдик туристтерди тартуусу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш өтө турган эки күндүн ичинде 10 миңден ашуун конок келери күтүлүүдө.

«Эл аралык чемпионатка келген меймандар үчүн көл жээгиндеги аймактардагы жана ири коттедждик шаарчалардагы орундар азыртан эле активдүү брондолууда», — деди ал.

Уюштуруучулар мелдешке Европа өлкөлөрүнөн, АКШдан жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен келген туристтердин кызыгуусу жогору болоруна ишенишет.