Курөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча жыйынтыктар
Бүгүн, 5-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында күрөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча мелдештер өттү.
Татар күрөшү боюнча 100кг жогорку салмак категориясындагы балбандар күч сынашып, жалпы 32 мамлекеттен келген спортчулар катышты.
Пахлавани (Иран күрөшү) боюнча 90кг жогорку салмак категориясындагы балбандар күч сынашып, жалпы 36 мамлекеттен келген спортчулар күч сынашты.
Кореш боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Радик Салахов(Орусия)
2-орун Баяман Мыктыбеков(Кыргызстан)
3-орун Мерсад Шахери (Иран)
Пахлавани боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Жоозегани Мостафа Тагхани(Иран)
2-орун Сейтек Догдурбек уулу (Кыргызстан)
3-орун Бат-Орших Батсуури(Монголия)
Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
1-орун 100.000сом
2-орун 80.000сом
3-орун 50.000сом
