Германия өтүп жаткан XXXII Дүйнөлүк жайкы Универсиада жыйынтыкталды
27 июль

Германия өтүп жаткан XXXII Дүйнөлүк жайкы Универсиада жыйынтыкталды

16-июлдан 26-июлга чейин Германиянын Эссен шаарында өткөн XXXII Дүйнөлүк жайкы Универсиада жыйынтыкталды. Универсиадада спорттун 18 түрү боюнча мелдештер өтүп, ага Кыргызстандын атынан жалпы 16 спортчу катышып, алардын экөө ийгилик жаратты.

Сууда сүзүү боюнча мелдештин 100 метр брасс ыкмасы боюнча финалдык жарышында 59,32 секунддук көрсөткүч менен суучул Денис Петрашов атаандаштарын артка калтырып, алтын медалга татыды.

Таэквондо боюнча Нурхан Самидинов 54 кг салмактык категорияда күч сынашып, 30 спортчунун ичинен мыкты оюн көрсөтүп, коло медалды багындырды.

Мындан тышкары жеңил атлетика боюнча Айнуска Калил кызы жарым марафондо (21 км аралыкка чуркоо) 27 катышуучунун ичинен 1:14:41 жыйынтык менен 8-орунду ээледи.

Дзюдо боюнча мелдештерде дагы кыргыз спортчулары төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө ээ болду. Даут Пултушев (-100 кг) – 7-орун, Эмирхан Жолдошказиев (+100 кг) – 7-орун, Мырзайым Дуйшонбекова (70 кг) – 7-орун.

Дүйнөлүк жайкы Универсиаданын расмий жабылуу аземи эртең, 27-июлда болот.