Бүгүн Чакырык лигасынын чейрек финалында “Мурас Юнайтед” Ливандын «Аль-Ансар» клубу менен беттешет
Бүгүн, 19-апрель Бишкек шаарынынын Дөлөн Өмурзаков стадионунда Чакырык лигасынын чейрек финалы өтөт. Анда ата мекендик “Мурас Юнайтед” клубу Ливандын «Аль-Ансар» клубу менен беттешет. Мелдеш саат 18:00до старт алат, ал эми оюн ышкырыгы 20:00до жаңырат. Футбол күйөрмандары үчүн атайын шоу-программа, семплинг зона жана оюндар уюштурулат.
Ошондой эле 15:00до чейрек финалдын алкагында Омандын «Аль-Шахаб» клубу Кувейттин «Кувейт SC» клубу менен кез келет.
Белгилей кетсек, клубдар АФК Чакырык лигасынын жарым финалы үчүн ат салышууда. Бүгүн, чейрек финалдык оюндарда жеңүүчү аталган командалар 22-апрель күнү кайрадан Дөлөн Өмурзаков стадионунда ойношот. Ал эми финалдык беттеш 13-майда өтөт.
Жалпысынан АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышып, алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыккан.
