Көркөм гимнастика боюнча машыктыруучуларга “КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы тапшырылды
17 январь

Көркөм гимнастика боюнча машыктыруучуларга “КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы тапшырылды

16-январда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев көркөм гимнастика боюнча машыктыруучуларга “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамын тапшырды.

Ардак наам көркөм гимнастиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жогорку жетишкендиктери үчүн Гульнара Мамыркулова, Жаныл Каймазарова жана Сабина Ибраимовага тапшырылды.

Казыбек Молдажиев машыктыруучуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алардын тарбиялануучулары эл аралык аренада өлкөнүн намысын татыктуу коргоп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал талыкпаган эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда өтө турган көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатына даярдык иштерине ийгилик каалады.