Тоң районунда жаңы спорт комплекси курулууда
Тоң районунун Тогуз-Булак айылында жаңы спорт комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Курулушту Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду каржылоодо. Жалпы сметалык баасы 8 млн 258 миң сомду түздү.
Бүгүнкү күндө жумуштардын 90 пайызы бүтүп калды.
"Жаңы спорт комплекстин курулушу менен мектеп окуучуларына жана айыл элине спорттук иш-чараларды өткөрүүгө мыкты шарттар түзүлмөкчү. Себеби, буга чейин айылда спорттук имарат болгон эмес. Анда жуунучу,кийинип-чечинүүнү жайлары, машыктыруучунун бөлмөсү, бий жана столдук тенниске арналган бөлмөлөр болот", – деп айтылат маалыматта.
