Кыргызстандын балбан кыздары Дүйнө чемпионатынан жеңиш менен кайтып келди
Бүгүн, 27-октябрда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн 23 жашка чейинки балбандар арасындагы (U23) дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келди.
Балбан кыздарды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Спорт агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Мелис Тобокелов жана спортчулардын жакындары, тосуп алды.
Эске салсак, Нурзат Нуртаева 72 кг салмак категориясында дүйнө чемпиону аталып, ал эми Гүлнура Таштанбекова 68 кг салмакта коло байгеге ээ болду.
