Абдурахман Муртазалиев 2026-жылкы Азия оюндарында коло медаль жеңди
9 октябрь

Абдурахман Муртазалиев 2026-жылкы Азия оюндарында коло медаль жеңди

3-октябрда Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында джиу-джитсу боюнча мелдештер болду.

Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев 85 кг чейинки салмак ченинде коло медаль жеңип алды. Ал - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Жекеме-жеке спорттун күрөш түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин машыктыруучусу.

Мелдештин жүрүшүндө Абдурахман Муртазалиев Кувейт, Камбоджа жана Түштүк Кореянын спортчуларын жеңди. Ал эми жарым финалда Казакстандын өкүлү Мерей Кабдуллаевге 2:4 эсебинде утулду.

Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу Сингапурдун өкүлү И Аакус Хоу Юн менен күч сынашып, 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Бул жыйынтык Бишкек шаарындагы спорттук даярдык системасы үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат. Абдурахман Муртазалиев эл аралык аренада Кыргызстандын намысын коргоо менен бирге, спорттук тажрыйбасын спорт мектебинин тарбиялануучуларына да үйрөтүп келет.