Бишкекте каратэ-до боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
7 апрель

Бишкекте каратэ-до боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 7-апрелде  каратэ-до боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, Каратэ-до Шотокан WSF Улуттук федерациясынын өкүлдөрү жана спортсмендер катышты.

Ачылыш аземдин алкагында 2025-жылы каратэ спортунда мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн спортчуларга жана машыктыруучуларга ардак грамоталар ыйгарылды.

Мелдешке жалпы 165 спортчу катышып, эркектер 60кг, 67кг, 75кг,84кг чейинки жана 85кг өйдө салмак чен бирдигинде күч сынашты.

Ал эми кыз келиндер 50кг, 55кг, 61кг, 68кг чейин жана 65кг дан өйдө салмак чен бирдигинде күч сынашууда.