III КМШ оюндары: Эрлан Акылбек уулу каратэ боюнча күмүш медаль жеңди
4 октябрь

III КМШ оюндары: Эрлан Акылбек уулу каратэ боюнча күмүш медаль жеңди

3-октябрда Азербайжандын Мингячевир шаарындагы “Кюр”Олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарынын алкагында каратэ боюнча мелдештер башталды.

Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык спортчу Эрлан Акылбек уулу 67 кг салмак ченинде мыкты чеберчилигин көрсөтүп, экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга татыды.

Каратэ боюнча мелдештер эртең, 4-октябрда жыйынтыкталат.