III КМШ оюндары: Кыргызстаандык эки балбан кыз күмүш медаль жеңди
4 октябрь

III КМШ оюндары: Кыргызстаандык эки балбан кыз күмүш медаль жеңди

3-октябрда Азербайжандын Гянджа шаарындагы Олимпиадалык спорт комплексинде III КМШ оюндарынын алкагында эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталды.

Кыргызстандын атынан төрт спортчу таймашка чыкты.

Кыз-келиндер күрөшүндө 53 кг чейинки салмак категориясында Асема Төрөгелдиева жана 61 кг салмак ченинде күрөшкөн Акылай Чыныбаева күмүш медаль жеңди.

Эркин күрөшчүлөр таймаштын биринчи күнүндө байге ала алган жок.