Кыргызстан U-17 Азия кубогунун тандоо оюндарын кабыл алат
Кыргыз Республикасынын U-17 Жаштар курама командасынын катышуусунда өтө турган 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары ушул жылдын 22-30-ноябрь күндөрүндө Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда жана «Алга» спорт комплексинде орун алат.
Кыргызстандын курамасы «B» тайпасында беш курама команда менен күч сынашат. Жаштар курамасынын оюндарынын баары Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда орун алат.
Оюндардын жүгүртмөсү:
- 22-ноябрь | 15:00 | Кыргызстан – Йемен
- 24-ноябрь | 19:00 | Кыргызстан – Пакистан
- 26-ноябрь | 19:00 | Гуам – Кыргызстан
- 28-ноябрь. | 19:00 | Лаос – Кыргызстан
- 30-ноябрь | 15:00 | Кыргызстан – Камбоджа
Кыргыз Республикасынын U-17 өспүрүмдөр курамасы 12-ноябрь күнүнөн бери австриялык адис Александр Бауэрдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
Кыргыз Республикасынын командасы катыша турчу оюндар оюн-зоок жана концерттик программалар менен коштолот. Мелдештин алкагында өтө турчу оюндарга кирүү акысыз.
Тандап алуу оюндарга жалпы 38 курама катышып, алар 7 тайпага бөлүнгөн. Ал эми, 2026-жылкы U-17 Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын май айында Сауд Аравиясында өтүп, ага тандоо оюндарынын жыйынтыгында 7 курама жолдомо алат. Белгилесек, аталган Азия Кубогунун финалдык баскычынын жолдомолоруна 2025-жылкы Дүйнө чемпионатында ойногон Азиянын 9 курамасы автоматтык түрдө ээ болгон.
