Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
24 август
Кыргызстандык балбан Иса Исаков U20 Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду
Кыргызстандын жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Иса Исаков Словакияда өтүп жаткан U20 Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, ал квалификациялык баскычта армениялык Арен Айрапетянды 7:2 эсебинде жеңди.
Кийинки баскычта индиялык атаандашы Кумар Рохиттини 10:1 эсебинде ишенимдүү утуп,чейрек финалда япониялык Такуто Оседого 0:10 эсебинде утулуп калган.
Көңүл жубатуучу беттеште канадалык Карсон Виллиам Браунду, 6:1эсебинде утуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алды.
Соңку беттеште польшалык Иван Оксюк менен килемге чыгып, 13:2 эсебинде коло медаль тагынды.
