Кыргызстандын параспортчуларына мамлекеттик туу тапшырылды
9 октябрь

Кыргызстандын параспортчуларына мамлекеттик туу тапшырылды

Бүгүн, 9-октябрда, Японияда өтө турган V Азия Пара оюндарында өлкө намысын коргой турган улуттук курама командага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу катышты. Ал мамлекеттик тууну курама команданын капитаны пара жеңил атлетика боюнча спортчу Дастан Камчыбековго тапшырды.

Нурсултан Курманалы уулу өз сөзүндө кыйынчылыктарды жеңип, койгон максаттарына карай ишенимдүү кадам таштап жаткан спортчулардын эркин, өжөрлүгүн жана талыкпас эмгегин баса белгиледи. Ошондой эле курама команданын мүчөлөрүнө ийгилик, жогорку спорттук натыйжаларды жана эл аралык аренада өлкөнүн желегин бийик көтөрүшүн каалады.

V Азия Пара оюндары 2026-жылдын 18-октябрынан 24-октябрына чейин Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтөт.

Мелдеште Кыргызстандын атынан спорттун жети түрү боюнча (пара пауэрлифтинг, пара таэквондо, пара сүзүү, бочча, пара жеңил атлетика, пара дзюдо жана пара үстөл тенниси) 21 спортчу катышат.

Делегациянын курамына жалпысынан 48 адам кирет, алардын арасында спортчулар, машыктыруучулар жана коштоочулар бар.

Маалымат үчүн: Азия Пара оюндары төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Азия өлкөлөрүнүн майыптыгы бар спортчуларынын башын бириктирет. Бул Паралимпиада оюндарынан кийинки майыптыгы бар спортчулар үчүн эң ири мультиспорттук мелдеш. Аталган оюндарда катышуучулар жайкы спорт түрлөрү боюнча гана күч сынашат.