ЖАМКнын курама командасы соттолгондор арасында өткөн шахмат боюнча 5-Эл аралык чемпионатта 4-орунду ээледи
2025-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарынан түзүлгөн команда «Chess for Freedom» эл аралык программасынын колдоосу астында уюштурулган «Эркиндик үчүн шахмат» аттуу 5-Эл аралык чемпионатка катышты.
Быйылкы чемпионатка дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн 134 команда катышкан. Кыргызстандан катышкан курама команда мыкты жыйынтык көрсөтүп, 4-орунду ээледи. Алдыңкы үч орунга Монголия, Индия жана Ирак өлкөлөрүнүн курама командалары ээ болушту.
Бул иш-чарага катышуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тарбиялык жана социалдык иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз шахмат союзу менен биргеликте уюштурулду. Кыргызстандын намысын №14 жана №27 түзөтүү мекемелеринин соттолгондорунан түзүлгөн курама командасы коргошту.
«Эркиндик үчүн шахмат» чемпионаты соттолгондордун интеллектуалдык өнүгүүсүн жана коомго кайра интеграцияланышын колдоого багытталган ири эл аралык спорттук жана социалдык долбоорлордун бири болуп саналат. Турнир Chess.com эл аралык онлайн-платформасында өткөрүлүп, ар башка континенттердеги катышуучуларды бириктирет.
Жазык аткаруу тутуму Кыргыз шахмат союзуна курама командага даярдык көрүүдө жана мелдеш учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Мындай иш-чаралар соттолгондордун интелектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү менен бирге, аларда позитивдүү жашоо баалуулуктарын, тартипти жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулуусун калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бул алардын коомго ийгиликтүү кайтып келүүсүнө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
