Кыргызстандык самбочулар Москвадагы эл аралык турнирде үч медаль жеңди
Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасы Москва шаарында өткөн “Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу” (Кубок основоположников самбо) аттуу эл аралык турниринде үч байге менен толуктады.
Мелдештер 24–26-март күндөрү “Лужники” спорттук комплексиндеги Эл аралык самбо борборунда өтүп, ага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 200дөн ашуун спортсмен катышты.
Жыйынтыгында кыргызстандыктар үч коло медаль жеңишти:
- Алай Сартов (71 кг чейин) — спорттук самбо;
- Жандос Эсенгазиев (79 кг чейин) — спорттук самбо;
- Адил Туратбек уулу (64 кг чейин) — күжүрмөн самбо.
Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Армения, Азербайжан, Беларусь, Кипр жана Россия өлкөлөрүнүн күчтүү балбандары катышты.
