Ноокат районунда жаңы спорткомплекси курулду
8 июль

Ноокат районунда жаңы спорткомплекси курулду

Ош облусунун Ноокат районунун Муркут айылында жаңы спорткомплекс курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 24 миллион сомду түздү. Учурда курулуш иштер 98 пайызга аткарылды.

Жаңы спорткомплекстин жалпы аянты 421 чарчы метрди түзүп, Г формасындагы эки блоктон турат. Анда спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, ошондой эле волейбол, баскетбол жана футбол боюнча машыгууга жана мелдеш өткөрүүгө ылайыкталган көп функциялуу спорт залы каралган.

Бул долбоор аймакта спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга шыктандырууга, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.

Жаңы спорткомплекс ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.