Кабо-Верде, Кот-д’Ивуар жана Уганда. Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга 113 өлкөдөн катышуучу келет
Кабо-Верде, Кот-д’Ивуар, Уганда жана дагы он мамлекет биринчи жолу Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков билдирди.
Анын айтымында, быйылкы оюндарга биринчи жолу Австралия, Жаңы Зеландия, Алжир, Бурунди, Гамбия, Иордания, Египет, Кабо-Верде, Кот-д’Ивуар, Оман, Уганда, Эфиопия жана Түндүк Македониянын өкүлдөрү катышат.
Жалпысынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 113 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу келет. Алар спорттун 42 түрү боюнча күч сынашып, ошондой эле маданий жана илимий иш-чараларга катышат.
Спорттук программага жаңы дисциплиналар да киргизилди. Алардын катарында ат үстүндөгү тыйын эңмей, көкпар, стронгмен боюнча күч сынашуулар жана бурят элинин омуртка сөөгүн сындыруу боюнча улуттук оюну бар.
Белек Үсөнбеков эске салгандай, 2018-жылы Кыргызстанда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 84 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.
Ошондо мелдештер өткөн аянтчаларга 50 миңден ашуун көрүүчү келген. Быйыл уюштуруучулар дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн 100 миңге жакын конок келет деп күтүп жатышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Алар алгач ирет 2014-жылы Кыргызстанда уюштурулган.
