Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө
30 апрель

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Бишкекте 29-апрелде көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жана Көркөм гимнастика федерациясынын өкүлдөрү, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.

Мелдештин жүрүшүндө 100 жакын гимнасттар жеке жана командалык программалар боюнча күч сынашып, өз чеберчилигин көрсөтүшөт.

Аталган чемпионат квалификациялык мүнөздө өтүп, тандалган спортчулар май айында өтө турган Азия чемпионатына катышат.

Чемпионат 30-апрелге чейин уланат.