ЭОК өз тарыхында алгачкы жолу олимпчуларды колдоо максатында «Fit for the Future Olympian Grant» жаңы грантын ишке киргизүүдө
26 июнь

ЭОК өз тарыхында алгачкы жолу олимпчуларды колдоо максатында «Fit for the Future Olympian Grant» жаңы грантын ишке киргизүүдө

Милано–Кортина 2026 Олимпиада оюндарынан баштап, Оюндарга катышкан ар бир спортчу 10 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү грантка талапкер боло алат. Бул демилге олимпчулардын спорттук карьерасын колдоого, ошондой эле алар спорттогу ишмердүүлүгүн аяктагандан кийин жаңы кесиптик чөйрөгө өтүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган.

ЭОК ар бир олимпиадалык циклге 140 миллион АКШ доллары өлчөмүндө фонд бөлөт. Болжол менен 14 000ге чукул олимпчу өздөрү катышкан ар бир Олимпиада үчүн бул грантты ала алат деп күтүлүүдө.

Төлөмдөр Улуттук олимпиадалык комитеттердин түзүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, бул грант ЭОКтун учурдагы колдоо программаларын алмаштырбастан, аларды толуктайт.

ЭОКтун Спортчулар комиссиясынын төрагасы Пауль Газоль бул грант бир гана байгелүү орундарды ээлегендерге же айрым өлкөлөрдүн спортчуларына эмес, ар бир олимпчуга жеткиликтүү болорун баса белгиледи. Анын айтымында, бул байге фонду эмес, олимпиадалык аренага чейин жеткен ар бир спортчунун баскан жолун, эмгегин жана жан аябастыгын таануу болуп саналат.

ЭОКтун Президенти Кирсти Ковентри бул жаңы демилге уюмдун спортчуларды мелдештер учурунда гана эмес, карьерасын аяктагандан кийин да колдоого болгон умтулуусун чагылдырарын белгиледи. Анын айтымында, олимпчулардын туруктуу келечегин камсыздоо жана алардын спорттон тышкары да өзүн көрсөтө алуусуна көмөктөшүү маанилүү.

Грантты алуу шарттары:
Катышуу укугу: Милано–Кортина 2026 оюндарынан баштап, Олимпиада оюндарына Аа категориясындагы аккредитация менен катышкан спортчулар грант алууга укуктуу. Жаштар олимпиада оюндарынын катышуучулары бул программага кирбейт.

Тартиптик талаптар: Грантты алуунун дагы бир шарты – антидопинг эрежелерин, ЭОКтун Этика кодексин, катышуу шарттарын жана Олимпиадалык хартияны бузбоо болуп саналат.

Милано–Кортина 2026 оюндарынын катышуучулары үчүн билдирмелерди кабыл алуу 2026-жылдын аягында ачылып, алгачкы төлөмдөр 2027-жылы жүргүзүлөт деп пландалууда.