Ноокатта 2,9 миң орундуу борбордук стадиондун курулушу башталды
Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу Ата-Мерек айылында 2900 орундуу борбордук стадиондун жана 1400 орундуу волейбол залынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, капсула салуу иш-чарасына курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты.
Долбоордун алкагында 2,85 га жер аянтында заманбап борбордук стадион курулуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктура түзүлөт.
Ошондой эле, объекттин курамында административдик жана кызматтык бөлмөлөр, пресс-борбор жана конференц-зал, спорттук командалар үчүн кийим алмаштыруучу, массаж жана машыктыруучу бөлмөлөр, ошондой эле медициналык пункт жана допинг-контрол бөлмөсү сыяктуу бардык шарттар каралган.
Жаңы стадиондун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат.
