Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди
Бүгүн, 6-апрелде Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрында 6-апрель - Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана алардын ата-энелери катышты.
Сыйлоо аземинде өлкө желегин дүйнөлүк ареналарда көтөрүп, мыкты ийгиликтерди жараткан 31 спортчуга жана алардын 16 машыктыруучусуна акчалай сыйлыктар менен дипломдор тапшырылды. Ошондой эле шаардагы алдыңкы спорт мектептерине диплом жана статуеткалар ыйгарылып, дене тарбия жана спорт кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланды.
Майрамдык иш-чаранын алкагында спортчулар көрүүчүлөргө кызыктуу жана таасирдүү спорт түрлөрү боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү. Салтанат маданият кызматкерлеринин катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.
