Кыргызстандык триатлончулар Малайзиядагы Азия Кубогунда коло медаль жеңди
15 июнь

Кыргызстандык триатлончулар Малайзиядагы Азия Кубогунда коло медаль жеңди

Малайзиянын Кампар шаарында өткөн эл аралык триатлон мелдештеринде Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортчулары ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдештин алкагында өткөн Development Cup Kampar турниринде кыргызстандык спортчу Темирлан Абдрахимов 1 саат 03 мүнөт 55 секунд көрсөткүчү менен 9-орунду ээледи.

Ал эми Asia Triathlon Junior Cup Kampar мелдешинде Татьяна Кокина 8-орунду (1:14:14), Ангелина Блиндул 10-орунду (1:15:03) камсыз кылышты.

Өзгөчө жетишкендик аралаш эстафетада (Mixed Relay) катталып, Кыргызстандын курама командасы мыкты көрсөткүч көрсөтүп, коло медалга ээ болуп, үчүнчү орунду багындырды.