Ысык-Көлдө кыз-келиндер күрөшү боюнча “Issyk-Kul open” эл аралык мелдеши өтүүдө
Ысык-Көлдө күн мурун, 14-июнда кыз-келиндер күрөшү боюнча “Issyk-Kul open” эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Салтанаттуу ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.
Ал өз сөзүндө мындай ири спорттук мелдештер өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, спорттук байланыштарды кеңейтүүгө жана кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле ал бардык катышуучуларга ийгилик каалап, мелдештин жогорку деңгээлде өтөрүнө ишеним билдирди.
Мелдешке жалпы 12 мамлекеттен кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу катышып жатат.
