Кадамжайда «Металлург» стадиону жаңыланат
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
26 июнь

Кадамжайда «Металлург» стадиону жаңыланат

Кадамжай шаарындагы «Металлург» стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, долбоор жеке демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен ишке ашырылат.

Анын алкагында стадион толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап талаптарга жана эл аралык стандарттарга ылайык жаңыланат.

Мындан тышкары, стадиондун аймагы көрктөндүрүлүп, инфраструктурасы жакшыртылат. Шаар тургундары үчүн сергек жашоо образын жайылтууга багытталган заманбап воркаут аянтчалары да курулат.

Жаңылана турган спорттук жай жаштардын спорт менен машыгуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, шаар тургундары үчүн эс алуу жана ден соолукту чыңдоо багытындагы маанилүү борборлордун бирине айланат.