Ак-Бата конушунда 48 чарчы метр жерде 180 бала дзюдо менен машыгат
29 апрель

Ак-Бата конушунда 48 чарчы метр жерде 180 бала дзюдо менен машыгат

Ак-Бата конушунда 48 чарчы метр жерде 180 бала дзюдо менен машыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу билдирди. 

Айтымында, ал Ак-Бата конушуна барып спорт менен машыгуу залын өз көзү менен көрүп келген. 

“АРИС долбоору аркылуу эки контейнерди бириктирип коюшуптур. Жалпы аянты 48 чарчы метр. Дзюдо секциясы иштеп жатыптыр, ага 180 бала катышат. Бирок контейнер кандай болоору белгилүү, кышында суук, жайында ысык. Бул секцияга 8 конушта жашаган балдар келет экен”, – деди депутат. 

Карыбек уулу азыркы жаштар ар кандай терс адаттарга тез берилип кетип жаткан заманда жаштар өздөрү спортко умтулуп жаткандан кийин, аларга жетиштүү шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. 

“Секцияда тарбияланган 10 бала учурда Раатбек Санатбаев атындагы резервдер мектебинде окуп жатышат. Ак-Бата конушуна тез арада спорт комплексин салып бербесек болбойт”, – деди ал.