УКМК башчысы ММА ассоциациясынын президенти болуп шайланды
17 апрель

УКМК башчысы ММА ассоциациясынын президенти болуп шайланды

17-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин төрагалыгы алдында аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) боюнча федерациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөшү федерациянын, WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA жана IMMAF Кыргызстан уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын биринчи бөлүгүндө федерациялар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, мелдештерди уюштуруу тажрыйбасы, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусу тууралуу маалымат берип, ошондой эле өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Талкуунун жыйынтыгында Кыргызстанда аралаш күжүрмөн күрөш ассоциациясын түзүү чечими кабыл алынды. Ассоциациянын негизги максаты федерациялардын күч-аракетин бириктирүү, ММА тармагында бирдиктүү саясат жүргүзүү жана өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги позициясын бекемдөө.

Ассоциация мелдештерди өткөрүү багытындагы ишмердүүлүктү координациялап, мүмкүн болгон талаш-тартыштарды алдын алып, аралаш мушташ өнөрлөрүнүн өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде өнүгүшүн камсыздайт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында ММА боюнча мелдештерди өткөрүү Спорт агенттик жана Ассоциация менен милдеттүү түрдө макулдашуу аркылуу ишке ашырылары белгиленди.

Ассоциациянын Президенти болуп генерал-лейтенант, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Төрагасы Жумгалбек Кумарович Шабданбеков шайланды.

Ассоциациянын вице-президенттери болуп төмөнкүлөр шайланды:

1. Руслан Кыдырмышев — WEF GLOBAL MMA Кыргызстан федерациясынын президенти;
2.Бабур Төлбаев — GAMMA MMA федерациясынын президенти;
3. Ырыскелди Нарбаев — IMMAF Кыргызстан федерациясынын президенти.
4. Абдирашид Жолчуев — кулатуу күрөшү боюнча Улуттук федерациясынын президенти;

Ассоциациянын башкы катчысы болуп Эмиль Токтогонов дайындалды – Улуттук кулатуу күрөшү боюнча федерациясынын башкы машыктыруучусу.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган бардык федерациялар: Улуттук кулатуу күрөшү, WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA жана IMMAF Кыргызстан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде расмий каттоодон өткөн жана спорттук иш-чараларды өткөрүүдө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан каржыланып жүргөн.