Алай районунда “Мен жана менин ден соолугум” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлдү
2025-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы Алай РИИБ менен биргеликте Алай районунун Нурдаш айылындагы Билгирим академиясына караштуу Этно лагеринде балдар үчүн спорттук иш-чара уюштурду.
«Мен жана менин ден соолугум» деген ураандын алкагында жаштар арасында баңгизаттарды колдонууга жана жайылтууга каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Спорттук оюндардын жүрүшүндө командалар бири-бирин колдоп, ынтымакта жана активдүү катышып, өз жөндөмдөрүн жана чеберчиликтерин жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Атайын таймаштарда өзгөчөлөнгөн жана мыкты оюн көрсөткөн өспүрүмдөр КР ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
Этно лагерь кооз жаратылыштын койнунда жайгашкандыктан, ага эс алууга 180ден ашуун балдар келген. Алардын катарында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан эле эмес, коңшу өлкөлөрдөн да келген балдар болду.
