Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы U-23 Азия Кубогуна катышуу үчүн Жидда шаарына келди
3 январь

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы U-23 Азия Кубогуна катышуу үчүн Жидда шаарына келди

Бүгүн, 2026-жылдын 2-январында, Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына катышуу үчүн Сауд Арабиясынын Жидда шаарына келди.

6-январда старт ала турган турнирге Азиянын 16 күчтүү курама командасы катышат. Кыргызстандын U-23 курамасы бул мелдешке 2025-жылдын сентябрь айында өткөн тандоо этаптарында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында тарыхый жолдомону камсыздаган.

Эске салсак, кыргызстандык футболчулар «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана турнирдин кожоюну Сауд Арабиясынын курамалары менен тайпалык беттештерди өткөрөт.