Оор атлетика боюнча спорт мектебинин жаңы имараты курулду
Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин 41 дарегинде жайгашкан оор атлетика боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жаңы имараты курулду. Объекттин курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджетен каржыланды наркы 42 миллион сомду түзөт.
Жалпы аянты 459 чарчы метр болгон спорт мектеп эки блоктон турат. Ошондой эле, заманбап талаптар менен 44 көрүүчүгө ылайыкталган мелдеш өткөрүү залы, машыктыруучунун кабинети жана кийим алмаштыруу жайлары каралган.
Жаңы окуу жылдын башталышы менен имарат пайдаланууга берилет.
