“Мен чемпион” — Караколдо тоо лыжа боюнча оюндар жыйынтыкталдыУ
18 февраль

 “Мен чемпион” — Караколдо тоо лыжа боюнча оюндар жыйынтыкталдыУ

Ушул жылдын 11–13-февраль күндөрү Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында 2008–2015-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында “Мен чемпион” аталышындагы республикалык кышкы спорттук оюндардын тоо лыжа боюнча мелдештери өткөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Мелдешке жалпы 110 спортчу катышып, алты команда байге үчүн күч сынашты. Командалар Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынан, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунан келишти.

Үч күнгө созулган таймаштын жыйынтыгында жалпы командалык эсепте “Каракол №1” командасы (Каракол шаардык БӨСМ) эң жогорку упайды топтоп, 220 000 сом өлчөмүндөгү баш байгеге ээ болду.

Экинчи орунду Нарын шаарынын “Ала-Тоо” БӨСМи ээлеп, 170 000 сомго татыды.

Үчүнчү орун Ысык-Ата районунун Спорттун оюн жана кышкы түрлөрү боюнча БӨСМине ыйгарылып, команда 110 000 сом утуп алды.

Төртүнчү орунду Каракол шаардык БӨСМи (50 000 сом),

бешинчи орунду Тогуз-Торо командасы (50 000 сом) ээледи.

Мелдештин жалпы байге фонду 600 000 сомду түздү.

“Мен чемпион” оюндары балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө, кышкы спорт түрлөрүн жайылтууга жана аймактар арасында атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган.