Жалал-Абад облусунун башчысы дүйнө чемпиону болгон Ислам Исмаиловду куттуктады
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
22 май

Жалал-Абад облусунун башчысы дүйнө чемпиону болгон Ислам Исмаиловду куттуктады

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев күн мурун, 21-майда Манас шаарындагы эл менен жолугушуунун алдында дүйнө чемпиону Ислам Исмаиловду куттуктады.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 16–18-май күндөрү Бишкек шаарында 26 мамлекеттин спортчулары катышкан кармаш уруш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн.

Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун Манас шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты Ислам Исмаилов 73 килограмм салмак категориясында чемпион аталып, өлкө намысын коргогон.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев спортчунун жетишкендиги жаштар үчүн чоң үлгү экенин белгилеп, мындан аркы карьерасындагы ийгиликтерди каалады.