Баткен: 10 000 орундуу стадиондун бетон конструкциялары текшерилди
11 ноябрь

Баткен: 10 000 орундуу стадиондун бетон конструкциялары текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Баткен шаарында курулуп жаткан 10 000 орундуу стадиондун жана 100 орундуу мейманкананын монолиттик темир-бетон конструкцияларындагы бетондун бекемдигин текшеришти.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бетондун бекемдик мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн Кашкаров балкасы колдонулду. Анын жардамы менен монолиттик темир-бетон конструкцияларынын сапаты жана алардын долбоордо белгиленген көрсөткүчтөргө шайкештиги бааланат.

Мындай текшерүүлөр курулуп жаткан объектинин сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда, ошондой эле белгиленген курулуш ченемдеринин жана долбоордук чечимдердин сакталышын көзөмөлдөөдө маанилүү роль ойнойт.