Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
28 апрель
Кыргызстандын тоолуу дистанциялардагы спорттук туризм боюнча чемпионаты болуп өттү
Чункурчак капчыгайында 26-апрелде Кыргызстандын спорттук туризми боюнча, тоолуу дистанциялардагы чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдешке спорттук туристтик клубдардын өкүлдөрү, альпинисттер жана КР ӨКМнин тоо куткаруучулары катышты.
Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар:
Эркектер байламталары:
- 1-орун — Эльдар Эсенбеков, Бактияр Каныбек уулу
- 2-орун —Арген Калыгулов, Азамат Арстанбеков
- 3-орун — Павел Бибик, Таир Кайыпов
Аралаш байламталар (эркектер жана кыз-келиндер):
- 1-орун —Павел Бибик , Анна Литвинова
- 2-орун -Таир Кайыпов , Алия Капарова
- 3-орун —Азамат Арстанбеков , Жаркынай Бейшекеева
