Казыбек Молдажиев дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан каратэчилерди кабыл алды
Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Болгариянын София шаарында өткөн каратэнин WSF версиясы боюнча дүйнө чемпионатында ийгиликке жетишкен Кыргызстандын курама командасын кабыл алды.
Казыбек Молдажиев спортчуларды дүйнөлүк мелдештеги жеңиштери менен куттуктап, алдыдагы таймаштарда ийгилик каалады. Ал ошондой эле колдоо мындан ары да улантыларын белгилеп, Спорт агенттигинин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Эске салсак, 31-октябрдан 2-ноябрга чейин София шаарында өткөн дүйнө чемпионатына 30га жакын өлкөнүн спортчулары катышып, кыргыз курама командасы бир нече байгелүү орундарды камсыздаган.
Эркектер арасында:
Нурдөөлөт Рысбеков – кумитэ боюнча 1-орун (муну менен үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду) жана ката боюнча 3-орун (55 жаштан жогоркулар, ардагерлер жана спорт чеберлери арасында).
Аманбол Талайбеков – 1-орун, кумитэ (-84 кг).
Сыймык Акунов – 2-орун, кумитэ (-75 кг).
Билал Рыскулов – 2-орун, кумитэ (юниорлор 16-17 жаштагылар арасында, -61 кг).
Атайбек Абдижалил уулу – 1-орун, Шобу нихон кумитэ (-75 кг).
Кыз-келиндер арасында:
Аруна Рысбекова – 3-орун, кумитэ (14-15 жаштагылар арасында, +54 кг).
Айтунук Турсунбекова – 1-орун, кумитэ (-50 кг).
Эленора Кочкорова – 2-орун, кумитэ (10-11 жаш, -40 кг).
