Аркан тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү
Бишкек шаарында 25-26-апрель күндөрү аркан тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдешке жалпы 16 команда ат салышып, спортчулар Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан катышты.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
Эркектер арасында:
- 1-орун — КР ИИМдин курама командасы
- 2-орун — “Ынтымак” командасы (Бишкек ш.)
- 3-орун — Нарын шаарынын командасы
Кыз- келиндер арасында:
- 1-орун — “Айкөл” командасы (Жалал-Абад облусу)
- 2-орун — КР ИИМ “Спецназ” командасы (Бишкек ш.)
- 3-орун — “Алмаз” командасы (Чүй облусу)
