Ош шаарында жазгы чуркоо марафону өттү
Ош мэриясы
5 апрель

Ош шаарында жазгы чуркоо марафону өттү

Күн мурун, 4-апрелде Ош шаарында 6-апрель – Дене тарбия жана спорт күнүнө карата жазгы чуркоо марафону өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Марафонго шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жогорку класстын окуучулары, өзгөчө балдар жана шаар тургундары, жалпы 2000 ден ашуун адам катышты.

Мелдеш жалпы 14 категория боюнча өткөрүлүп, катышуучулар 200, 500, 600 жана 1200 метр аралыктагы төрт дистанцияда чуркап, күч сынашты. Марафондун жыйынтыгында бардык категориялар боюнча жеңүүчүлөр жана активдүү катышкан мыктылар аныкталды.

Алар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, дипломдор жана медалдар менен сыйланды. Ошондой эле өзгөчө балдарга, мектеп окуучулары жана студенттерге кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга мындан аркы ийгиликтерди каалады.