Таластын Кең-Арал айылында заманбап спорт комплекси курулууда
24 июль

Таластын Кең-Арал айылында заманбап спорт комплекси курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы заманбап спорт комплексинин курулуш иштери менен таанышты.

Спорт комплекстин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Эл аралык стандарттарга жооп берген эки кабаттуу спорт комплексинин жалпы аянты 993 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 55 пайызга аткарылды.