Бишкектик дзюдочу Берлиндеги Европа кубогунда коло медаль жеңип алды
27 апрель

Бишкектик дзюдочу Берлиндеги Европа кубогунда коло медаль жеңип алды

Германиянын Берлин шаарында өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы дзюдо боюнча ачык Европа кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Мелдешке дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 737 спортчу катышууда.

Аталган турнирде Кыргыз Республикасын спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн (дзюдо бөлүмү) тарбиялануучусу Ырысдолотов Мухаммедали татыктуу көрсөтүп, 90 кг салмак категориясында күч сынашты.

Жыйынтыгында спортчу жогорку даярдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүп, коло медалга ээ болду.