Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир башталды
27 апрель

Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир башталды

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында бүгүн, 27-апрелде Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев, бокс федерациясынын өкүлдөрү спортсмендер жана ардактуу коноктор катышты.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия жана Беларусия өлкөлорүнөн спортсмендер катышып жатышат.

Балбандар 50кг чейин, 55кг чейин, 60 кг чейин, 65 кг чейин, 70 кг чейин, 75 кг чейин, 80 кг чейин,85 кг чейин, 90 кг чейин жана 90 кг жогору салмак чен бирдигинде күч сынашууда.

Мелдештер 2-майга чейин уланат.