Ошто 60 мектептин окуучулары катышкан спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрү сыйланды
Ош мэриясы
27 апрель

Ошто 60 мектептин окуучулары катышкан спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош шаарынын мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн “Дени сак окуучу” аттуу спорттук иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.

Мелдешке калаадагы 60 мектептин окуучулары катышып, күч сынашып, сергек жашоо образынын маанисин дагы бир жолу далилдешти.

Аталган иш-чара жаштардын ден соолугун чыңдоого, достук мамилени бекемдөөгө жана спортко болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маанилүү аянтчага айланды.

Жыйынтыгында:

  • 1-орунду №20 И. Раззаков атындагы жалпы билим берүүчү мектеби
  • 2-орунду №52 “Кыргыз-Түрк достугу” жалпы билим берүүчү мектеби
  • 3-орунду №7 А. Масалиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеби ээледи.

Жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундардын ээлерин Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова салтанаттуу түрдө сыйлап, алардын жетишкендиктерин белгилеп өттү.

Ошондой эле ал окуучуларга мындан ары да спорт менен активдүү алектенип, сергек жашоо образын карманууга чакырды.