Бүгүн Кыргызстандын атынан үч балбан грек-рим күрөшүндө күч сынашат
Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жетинчи күнү грек-рим күрөшү менен уланат. Бүгүн, 19-сентябрда 60 кг, 72 кг, 97 кг чейинки салмак категорияларында балбандар килемге чыгат.
Кыргызстандын атынан 60 кг чейинки салмакта Акыл Сулайманов 1/16 финал баскычындагы алгачкы беттешин литвалык Юстас Петравичюс менен өткөрөт.
72 кг салмакта Амантур Исмаилов да 1/16 финалдан баштап, ирандык Сайед Даниял Сохраби менен таймашат.
97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков 1/8 финалга чыгуу үчүн египеттик Мохамед Али Габр менен күч сынашат.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталып, УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
