Чынгыз Ажибаев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев менен жолугушту
Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев менен жолугушту.
Жолугушууда дене тарбия жана спорт тармагындагы актуалдуу маселелер, аталган багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү чаралары тууралуу талкуу болду.
Агенттиктин жетекчиси Казыбек Молдажиев адаптивдик спорт менен машыккан, угуусу начар адамдар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго дене тарбия жана спорт тармагындагы республикалык органдардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу жоболорду, ошондой эле спортчулардын эмгек стажын эсепке алуу боюнча эрежелерди киргизүү каралган.
Өз кезегинде Төраганын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев эмгек стажды эсепке алуу боюнча сунушталып жаткан норма кесипкөй спортчуларды коргоодо жана алардын социалдык абалын колдоодо маанилүү кадам экенине ынанды. «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр сурдлимпиада кыймылын өнүктүрүүгө, жарандарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар спорт инфраструктурасын өнүктүрүүнүн, ченемдик-укуктук базаны чыңдоонун, сергек жашоо образын жайылтуу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
