Ысык-Көлдө ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Ысык-Көлдө ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Ысык-Көлдүн жээгинде ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионатынын алгачкы мелдештик этабы өттү. Катышуучулар жеринде багыт алуу менен узак аралыкты басып өтүштү.

Мелдешке Кыргызстан, Россия, Германия, Казакстан жана Өзбекстандын курама командалары катышууда.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 25-30-октябрында Спорттук туризмдин эл аралык федерациясынын колдоосу менен өтүүдө. Кыргыз тараптан мелдештин уюштуруучусу — Кыргызстандын Спорттук туризм федерациясы.

Катышуучулар алгач узак аралыктагы сыноодон өтүштү. Спортчулар аттарды ишенимдүү башкаруу менен бирге жеринде багыт алып, эң ылайыктуу маршрутту тандап, убакытты эсептеп, күчүн туура бөлүштүрүшү керек.

Кыргызстандын атынан чемпионатка Анастасия Фролова жана Александра Краснослободцева да катышууда.

2025-жылы Татарстанда өткөн ат үстүндөгү туризм боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы күмүш медаль жеңип алган. Фролова менен Краснослободцева да команданын курамында болушкан.

Ысык-Көлдөгү мелдештер уланууда. Алдыда катышуучуларды тоскоолдуктарды жеңүү менен кыска аралыкка жарышуу, командалык жарыш жана эстафета күтөт.

Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү 30-октябрда сыйлык тапшыруу аземинде аныкталат.

Уюштуруучулардын белгилешинче, Ысык-Көлдө эл аралык мелдешти өткөрүү спорттук жана ат туризмин өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жаратылыш мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга шарт түзөт.